2026-жылдын 22-апрелинде «Айыл чарба жумалыгы – 2026» алкагында факультетте «Кыргыз айыл чарбасынын түстөрү» аттуу фотокөргөзмө уюштурулду.
Көргөзмөдө Кыргыз Республикасынын агрардык тармагынын совет мезгилиндеги өнүгүүсүн чагылдырган сүрөттөр сунушталды. Экспозиция көрүүчүлөргө өлкөнүн айыл чарбасынын тарыхы менен таанышууга, мурунку муундагы дыйкандардын эмгегин көрүүгө жана тармактын өнүгүү этаптарын байкоого мүмкүнчүлүк берди.
Фотокөргөзмөгө университеттин ректору катышып, иш-чаранын маанилүүлүгүн баса белгиледи.
Көргөзмө студенттер жана окутуучулар арасында чоң кызыгуу жаратып, алардын дүйнө таанымын кеңейтүүгө жана агрардык тармактын тарыхына болгон сый-урматты арттырууга өбөлгө түздү.
.jpeg)
.jpeg)