2026-04-23

Факультетте «Карьера күнү» өткөрүлдү


22-апрелде «Айыл чарба жумалыгы – 2026» алкагында факультетте «Айыл чарба карьера күнү» өткөрүлдү.

Иш-чарага 15тен ашык агрардык компания катышып, студенттерге жумушка орношуу, практика жана стажировка мүмкүнчүлүктөрү тууралуу маалымат беришти. Катышуучулар иш берүүчүлөр менен түз байланыш түзүп, эмгек рыногунун талаптары жана кесиптик өнүгүү мүмкүнчүлүктөрү боюнча кеңири маалымат алышты.

Иш-чарага университеттин ректору катышып, анын маанилүүлүгүн жана жогорку деңгээлде уюштурулганын белгиледи.

Мындай иш-чаралар студенттердин кесиптик багыт алуусуна көмөктөшүп, университет менен агрардык сектордун ортосундагы кызматташууну чыңдоого өбөлгө түзөт.