2026-жылдын 23-октябрында Кыргыз-Түрк «Манас» университетинин Айыл чарба факультети Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги тарабынан уюштурулган «АгроТехЭкспо-2026» агроөнөр жай көргөзмөсүнө жана «Алтын күз» айыл чарба жарманкесине катышты.
Иш-чара айыл чарба тармагындагы жетишкендиктерди көрсөтүүгө, тармактын өнүгүү келечегин талкуулоого жана кесиптик кызматташтыкты бекемдөөгө багытталды.
Көргөзмөгө Кыргыз-Түрк «Манас» университетинин Айыл чарба факультети менен бирге Ветеринария жана Инженердик факультеттеринин өкүлдөрү да катышты. Бул иш-чара университеттин айыл чарба тармагы менен байланыштарын чыңдоого жана билим берүү менен өндүрүштүн ортосундагы кызматташтыкты өнүктүрүүгө мүмкүнчүлүк түздү.
Айыл чарба факультетинин мындай иш-чараларга катышуусу агрардык тармактагы тажрыйба алмашууга, илим менен практиканын байланышын бекемдөөгө жана Кыргызстандын айыл чарбасын өнүктүрүүгө багытталган демилгелерди колдоого өбөлгө түзөт.
.jpeg)
.jpeg)
.jpeg)