Кыргыз-Түрк «Манас» университетинин Коммуникация факультетинин Журналистика бөлүмү 2001-2002 окуу жылында билим бере баштаган. Биздин кафедра 2005-2006-окуу жылында алгачкы бүтүрүүчүлөрүн чыгарган. 2024-2025-окуу жылына карата кафедрабызды жалпысынан 484 студент бүтүрдү. 2025-2026-окуу жылына карата бөлүмүбүздө Кыргызстан, Түркия жана башка Түрк Республикалар/Коомчулуктар жана коңшу өлкөлөрдөн 139 студент билимин улантууда.

Биздин кафедранын негизги миссиясы: 

  1. Теориялык билимди практикада натыйжалуу жана ийгиликтүү колдоно алган;
  2. Кесиптик жана академиялык этика принциптерин сактаган;
  3. Илимий билимдин өнүгүшүнө жана коомдук прогресске салым кошкон;
  4. Күчтүү коммуникациялык көндүмдөргө ээ болуп, адамдар менен натыйжалуу өз ара аракеттенүү жана кызматташуу түзө алган;
  5. Аналитикалык, сынчыл жана изилдөөчү ой жүгүртүү жөндөмүнө ээ инсандарды тарбиялоо болуп саналат.

Биздин бөлүм технологиялык инфраструктурасы жана кесипкѳй академиялык курамы менен салттуу жана жаңы медиа чөйрөлөрүнүн бардык тармактарында иштей турган келечектеги ѳз тармагынын мыкты адиси боло турган журналисттерди даярдоодо маанилүү мүмкүнчүлүктөрдү берет.

Студенттерибиздин кесиптик билимин жана көндүмдөрүн учурдагы шарттарга жооп бере турган деңгээлге жеткирүү максатында кафедрабыздын окуу планы дүйнөдө болуп жаткан өнүгүүлөрдү жана сектордогу талаптарды эске алуу менен кайра каралып, жаңыртылып турат.

Биздин бөлүмдө лекциялар түрк жана кыргыз тилдеринде теориялык жана практикалык жактан окутулат. Студенттерибиздин теориялык жана практикалык курстарда алган билимдерин жана көндүмдөрүн өркүндөтүү максатында;

  • Гезиттин жаңылык булагын аныктоодон тартып жарыялоо баскычына чейинки бардык процесстерине катышуу мүмкүнчүлүгүн камсыз кылган студенттик практикалык «ГАЗЕТА МАНАС» гезити үзгүлтүксүз жарыяланып турат.
  • Түркиядан, Кыргызстандан, Орусиядан жана башка өлкөлөрдөн келген өз тармагында таанымал адистер, коммуникация жана журналистика жаатындагы эксперттер тарабынан уюштурулган семинарлар, воркшоптор жана конференциялар аркылуу студенттердин медиа тармагы менен тыгыз байланышы камсыздалат.
  • Практикалык сабактардын алкагында студенттерибиз улуттук жана эл аралык сынактарга даярдалышат. Натыйжада студенттерибиз көптөгөн улуттук жана эл аралык деңгээлдеги ийгиликтерге жетишип келишет.
  • Түзүлгөн кызматташтыктардын негизинде студенттерибизге Түркиянын жана Кыргызстандын алдыңкы маалымат каражаттарында жана медиа мекемелеринде өндүрүштүк практикадан өтүү мүмкүнчүлүгү берилет.

Журналистика бөлүмүбүздү ар тараптуу кесиптик жана инсандык сапаттары өнүккөн бүтүрүүчүлөр аяктап, салттуу жана жаңы медиа чөйрөлөрүндө бет түзүүчү (дизайнер), редактор, кабарчы, фотокабарчы катары, ошондой эле мамлекеттик жана жеке мекемелерде басма сөз катчысы, маалыматтык саясат боюнча кеңешчи, социалдык медиа адиси жана контент-менеджер болуп эмгектене алышат.

Доц.док.
Ниязи Айхан

Бөлүм башчысы

Салттуу жана жаңы медиа тармагында билимге жана көндүмгө ээ,  кесипкѳй журналисттерди даярдоо.