10-февралында Кыргыз–Түрк «Манас» университетинин коммуникация факультетинде илимий ишмердүүлүктү өнүктүрүүгө багытталган «Илимий изилдөөлөр жана аларды жарыялоо» аттуу жыйын өткөрүлдү. Факультеттин жетекчилиги жана кафедра башчылары катышкан жыйында академиялык жарыялоо процесстерин натыйжалуу жана системалуу нукка салуу максаты коюлду.
Жыйында WoS жана Scopus индекстелген журналдарга жарыялануучу макалалардын санын көбөйтүү максатында факультеттин алкагында жарыялоо иштерин колдоо жана координациялоо механизмин түзүү маселеси каралды. Ошондой эле тажрыйбалуу илимпоздор менен биргеликте изилдөө жүргүзүү жана аларды жарыялоо маселелери талкууланды. Мындан тышкары, илимий иш жүргүзүү боюнча семинарларды (воркшопторду) өткөрүү, макала жазуу жана рецензенттердин корутундуларына жооп берүү процесстерине багытталган усулдук колдоо көрсөтүү чечими кабыл алынды.