19.02.2026. Коммуникация факультетинде Кызыл Чырым жана Кызыл Жарым Ай Эл аралык кыймылы сессия өткөрөт. Анда кыймылдын түзүмү, негизги принциптери, гуманитардык мандаты жана кырсыктарда, куралдуу кагылышууларда жардам көрсөтүүдө ролу тууралуу маалымат берилет.
Ошондой эле эл аралык гуманитардык укук (ЭГУ) менен таанышып, анын негизги документтерин жана Кызыл Чырым жана Кызыл Жарым Ай Эл аралык кыймылы ЭГУнун сакталышына кошкон салымы тууралуу баяндалат.