2026-жылдын 2-март күнү КТМУ коммуникация факультетинин академиялык курамы үчүн китепкананын электрондук ресурстарын колдонуу боюнча тааныштыруу семинары өткөрүлдү.
Семинарды КТМУнун Китепкана жана иш кагаздар башкармалыгынын жетекчиси Максатбек Ынакбеков алып барды.
Иш-чаранын жүрүшүндө катышуучулар китепкананын электрондук базалары, илимий макалаларды издөө жолдору, эл аралык маалымат платформаларына кирүү мүмкүнчүлүктөрү жана санариптик ресурстарды натыйжалуу пайдалануу ыкмалары менен таанышышты.