2026-03-11

Коммуникация факультетинде жазгы семестрдин академиялык кеңешинин жыйыны өткөрүлдү


Кыргыз–Түрк “Манас” университетинин коммуникация факультетинде 2025–2026-окуу жылынын жазгы семестринеин академиялык кеңеш жыйыны ректор проф., докт. Алпаслан Жейландын катышуусу менен өткөрүлдү.

Жыйында факультеттин билим берүү ишмердүүлүгү, академиялык басылмалардын көрсөткүчтөрү, жүргүзүлүп жаткан илимий изилдөөлөр жана долбоорлор, эл аралык академиялык кызматташуулар жана коомдук салым боюнча иштер каралып, учурдагы абал талкууланды. Ошондой эле факультеттин академиялык потенциалын жогорулатуу, эл аралык деңгээлдеги көрүнүктүүлүгүн күчөтүү жана байланыш тармагындагы заманбап тенденцияларга ылайык билим берүү программаларын өркүндөтүү боюнча максаттар боюнча пикир алмашуу жүргүзүлдү.

Академиялык кеңештин алкагында жасалган баяндамаларда факультет тарабынан жүргүзүлүп жаткан академиялык иштер жана келечекке карата пландар тааныштырылып, билим берүү жана илимий изилдөө ишмердүүлүгүн мындан ары дагы натыйжалуу жүргүзүүгө байланыштуу баалоо жасалды.

Жыйында ректор проф., докт. Алпаслан Жейлан университеттин илимий өндүрүш потенциалын жогорулатуу, эл аралык академиялык көрүнүктүүлүгүн бекемдөө жана сапаттуу билим берүү принциптерин туруктуу өнүктүрүүнүн маанилүүлүгүн баса белгиледи.