2026-04-10

Коомчулук менен байланыш жана реклама бөлүмүнүн студенттери КТРКнын жарнама бөлүмүнө таанышуу сапарын жасашты


Коммуникация факультетинин Коомчулук менен байланыш жана реклама бөлүмүнүн студенттери 2026-жылдын 2-мартында доценттин милдетин аткаруучу, доктор Канышай Муктарованын жетекчилиги алдында Кыргыз Республикасынын Улуттук телерадио корпорациясына (УТРК) таанышуу сапарын жүзөгө ашырышты. Сапардын алкагында студенттер УТРКнын жарнама кабыл алуу жана жайгаштыруу бөлүмүнүн ишмердүүлүгү тууралуу кеңири маалымат алышты. Ошондой эле бөлүмдүн адистери студенттерге жарнама тармагындагы учурдагы талаптар, медиапландоо процесси, максаттуу аудиторияны талдоо жана натыйжалуу коммуникация жүргүзүү ыкмалары боюнча практикалык сунуштарды беришти. Интерактивдүү форматта өткөн жолугушуунун жүрүшүндө студенттер өздөрүн кызыктырган суроолорду узатып, тармак адистери менен түздөн-түз байланыш түзүүгө мүмкүнчүлүк алышты. Мындан тышкары студенттерге келечектеги практика (стажировка) мүмкүнчүлүктөрү тууралуу да маалымат берилди. Мекеменин өкүлдөрү практикадан өтүүнүн шарттары, талаптары жана келечектеги жумушка орношуу мүмкүнчүлүктөрү боюнча кеңири түшүндүрмө беришти.