2026-04-10

UniTap компаниясынын башкы директору студенттер үчүн мастер-класс өткөрдү


2026-жылдын 6-апрелинде Кыргыз -Түрк «Манас» университетинин Коммуникация  факультетинин коомчулук менен байланыш жана жарнама бөлүмүнүн студенттери үчүн UniTap компаниясынын башкы директору Дионисий Земкин тарабынан мастер-класс өткөрүлдү.

Мастер-класстын жүрүшүндө студенттер Bitrix24 платформасы сунуштаган мүмкүнчүлүктөр менен таанышып, бул системаны иш процесстеринде кантип колдонуу боюнча практикалык сунуштарды алышты. Демонстрация реалдуу порталдын негизинде жүргүзүлүп, системанын негизги функциялары жана пайдалуу куралдары тааныштырылды.

Иш-чаранын жүрүшүндө студенттер өздөрүн кызыктырган суроолорду берүүгө мүмкүнчүлүк алып, платформаны колдонуу боюнча кеңири маалымат алышты.