Кубатова Аида Эсенкуловна, т.и.к., КР Президентине караштуу УИАнын Б.Жамгерчинов атындагы Тарых, археология жана этнология институтунун илимий кызматкери студенттер үчүн маанилүү семинар өткөрөт.
Тема: «Мамлекеттүүлүктүн түптөлүшү жана кыргыз интеллигенциясы»
Дата: 15-апрель, 2026-жыл
Убактысы: 13:30
Семинарда кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн калыптаныш этаптары, улуттук интеллигенциянын тарыхый ролу жана алардын коомдук-саясий процесстердеги орду тууралуу кеңири маалымат берилет.
Бардык кызыккан студенттерди жана окутуучуларды катышууга чакырабыз!