Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин коммуникация факультетинде бүтүрүүчүлөрдүн катышуусунда “Fresh Graduate: Карьераны кайдан баштайбыз?” аттуу семинар өткөрүлдү. Иш-чарада карьералык жолун жаңы баштаган бүтүрүүчүлөр учурдагы студенттерге эмгек рыногуна өтүү процесси жана дипломдон кийинки мүмкүнчүлүктөр тууралуу өз тажрыйбалары менен бөлүштү. Коммуникация факультетинин окутуучусу, доц., м.а. др. Венера Наринованын модераторлугунда өткөн семинарга коомчулук менен байланыш жана реклама бөлүмүнүн 2024-жылкы бүтүрүүчүлөрү Эркайым Курманбекова менен Камила Акимова жана журналистика бөлүмүнүн 2024-жылкы бүтүрүүчүсү Бегайым Курманбекова спикер катары катышты.
Реалдуу тажрыйбалар студенттерге багыт көрсөттү
Семинарда бүтүрүүчүлөр карьералык пландоону диплом алгандан кийин гана баштабастан, студенттик жылдардан тартып жүргүзүү керектигин белгилешти. Окуу мезгилинде алынган практика өтөө, долбоор жана сынак тажрыйбалары эмгек рыногуна өтүүдө маанилүү роль ойной турганы айтылды. Катышуучулар бүгүнкү күндө атаандаштык күчтүү болгон эмгек рыногунда эрте даярдыктын маанисине өзгөчө көңүл бурушту.
Мүмкүнчүлүктөрдү пайдаланган алдыга чыгат
PR жана маркетинг тармагында иштеген Эркайым Курманбекова студенттик мезгилде жолуккан мүмкүнчүлүктөрдү туура пайдалануу карьера үчүн чоң артыкчылык берерин белгиледи. Улуттук жана эл аралык сынактарга катышуу тажрыйба топтоонун натыйжалуу жолу экенин айтып, ар бир аракет келечекке салынган инвестиция экенин кошумчалады.
Networking – карьерадагы күчтүү куралдардын бири
Банк секторунда PR адиси болуп иштеген Камила Акимова кесиптик байланыштарды түзүүнүн маанисине токтолду. Анын айтымында, карьералык жолдо бекем байланыштарды түзүү, айрыкча, кыйын учурларда колдоо көрсөткөн маанилүү фактор болуп саналат.
Ийгилик кичинекей кадамдар менен курулат
Корпоративдик коммуникация жана туруктуу өнүгүү багытында иштеген Бегайым Курманбекова студенттерге өз оюн ачык айтуудан тартынбоого жана дайыма үйрөнүүгө ачык болууга кеңеш берди. Ал ийгилик бир заматта эмес, күн сайын жасалган кичинекей, бирок туруктуу кадамдардын натыйжасында түзүлөрүн белгиледи. Ошондой эле студенттик жылдарында ушундай иш-чаралардан шыктанганын, бүгүн ошол эле трибунада сөз сүйлөп жатканына кубанычта экенин айтты.
Семинар студенттерге практикалык пайда алып келди
Иш-чаранын жыйынтыгында сөз сүйлөгөн доц. м.а., др. Венера Наринова ийгиликтүү карьера студенттик жылдарда жасалган кадамдардан башталарын белгилеп, жаштарды идея жаратууга жана демилге көтөрүүгө чакырды. Семинардын соңунда студенттер эмгек рыногунун учурдагы талаптары, резюме даярдоо процесси жана биринчи жумуш маегинде көңүл бурулушу керек болгон жагдайлар боюнча практикалык маалыматтарды алышты. Иш-чара бүтүрүүчүлөр менен студенттердин ортосунда тажрыйба алмашууну бекемдеген пайдалуу жолугушуу катары бааланды.

 kopyası.jpeg)
.jpeg)
.jpeg)
