2026-04-20

КТМУнун коммуникация факультетинин окутуучусу Гүлзада Станалиевага ТҮРКСОЙ төш белгиси ыйгарылды


Кыргыз-Түрк «Манас» университетинин коммуникация  факультетинин журналистика бөлүмүнүн окутуучусу, филология илимдеринин кандидаты доц., др. Гүлзада Станалиева ТҮРКСОЙ тарабынан төш белги менен сыйланды.

Билим берүү жана маданият тармагында жүргүзгөн иштери менен бирге акын жана жазуучу катары да таанылган доц., др. Гүлзада Станалиевага түрк дүйнөсүнүн маданиятына жана искусствосуна кошкон салымы үчүн Султан Раев тарабынан ТҮРКСОЙдун төш белгиси тапшырылды.

Сыйлоо аземи 27-март - Дүйнөлүк театр күнү алкагында Улуттук тарых музейинде өткөрүлдү.