Өз жолун тапкан бүтүрүүчүнүн калыптануу баяны
Кээ бир адамдардын келечеги тандаган кесиби менен гана эмес, алар калыптанган чөйрө менен да тыгыз байланыштуу болот. Кыргыз-Түрк «Манас» университетинин журналистика бөлүмүнүн 2011-жылкы бүтүрүүчүсү, бүгүнкү күндө «Азаттык» радиосунун директору Бакыт Асанов – дал ушундай инсандардын бири. Анын студенттик кезден бүгүнкү күнгө чейинки басып өткөн жолу үзгүлтүксүз изденүүнүн, тажрыйбанын, жоопкерчиликтин жана өзүнө болгон ишенимдин натыйжасы катары өзгөчөлөнөт.
«Манас – аң-сезимдүү тандоо болду»
Бакыт Асанов мектепте окуп жүргөндө эле коомдук-гуманитардык илимдерге жакындыгы менен айырмаланган. Ал кезде журналист же адвокат болууну кыялданчу, бирок убакыттын өтүшү менен тандоосу журналистикага биротоло ооду. Ал үчүн университет тандоо жөн гана диплом алуу эмес, сапаттуу билим жана өсүүгө шарт түзгөн чөйрөнү табуу дегенди билдирген. «Манас» университетинин заманбап техникалык базасын, билим берүү системасын жана мүмкүнчүлүктөрүн иликтеп чыгып, аң-сезимдүү түрдө коммуникация факультетин тандаган. Ошондой эле туугандарынын биринин бул окуу жайда билим алганы жана алардын жакшы пикирлери анын чечимин дагы да бекемдеген.
Б.Асанов жатакана мүмкүнчүлүгүн өзгөчө белгилеп, бул аймактардан келген студенттер үчүн чоң колдоо болгонун айтат. Жатаканада өткөн беш жыл анын студенттик жашоону толук кандуу сезишине жана кеңири социалдык чөйрө түзүшүнө өбөлгө болгон. Ошондой эле ал түрк тилин үйрөнүү мүмкүнчүлүгүн өзгөчө баалап: «Бул жөн гана тил үйрөнүү эмес, жаңы дүйнөгө эшик ачуу болду», - деп билим алуу ага кандай жаңы көз караш тартуулаганын кыскача мүнөздөйт.
«Манас студенттерге өзүн сыйлоону үйрөтөт»
Өзүн «классикалык студент» катары мүнөздөгөн Б.Асанов беш жылын кампус менен жатакананын ортосунда өткөргөн. Бул мезгил жөн гана сабактар менен чектелбестен, ар кандай коомдук иш-чараларга бай болгон. Ал университет радиосунда иштеп, Студенттик кеңештин мүчөсү болуу менен бирге «Манас» гезитинде да редакторлук милдетти аткарган.
Б.Асановдун пикиринде, университеттеги академиялык тазалык, пикир эркиндиги жана окутуучулар менен түзүлгөн тең укуктуу мамиле анын инсан катары калыптанышына чоң салым кошкон. Бул мезгил тууралуу ал мындай дейт: «Мугалимдер менен студенттердин ортосундагы мамиле расмий гана эмес, адамдык баалуулуктарга негизделген эле. Оюңду ачык айтып, талашып-тартышып, суроо бере алганың — бул чоң мүмкүнчүлүк болчу. Бул сапаттар кийин кесиптик жана жеке жашоомдо негизги багыт берүүчү маяк болуп калды».
Өткөн күнгө кылчайып караганда, чечими так болгонун айткан Б.Асанов: "Эгерде убакытты артка кайтаруу мүмкүнчүлүгүм болсо, эч ойлонбостон кайра эле «Манасты» тандамакмын. Анткени ошол кездеги менин социалдык абалым, дүйнө таанымым жана баалуулуктарым мени түз эле ушул окуу жайга багыттамак," — дейт. Өз тандоосуна болгон берилгендигин баса белгилөө менен бирге, бүгүнкү тажрыйбасына таянып, билим алуу процессине карата кичинекей өздүк сын пикирин да кошумчалайт. Эгерде кайрадан студент боло турган болсо, убакытты дагы да натыйжалуу колдонуп, сунушталган мүмкүнчүлүктөрдөн максималдуу пайдаланууну, англис жана немис тилдери сыяктуу чет тилдерин тереңирээк үйрөнүүнү жана социалдык чөйрөдө мындан да активдүү болууну кааларын билдирет.
«Окууну бүткөндөн кийин жумуш издейм деген — чоң ката»
Бакыт Асановдун айтымында, университеттеги үчүнчү курсу анын кесиптик жолундагы негизги бурулуш чекити болгон. Дал ушул мезгилден тарта ал теориялык билимдерин практикалык медиа чөйрөсү менен айкалыштыра баштап, ар кандай гезиттер жана жаңылык сайттары менен кызматташууга өткөн. Университеттин радиосундагы ишмердүүлүгү ага технологиянын тилин түшүнүүгө, микрофон менен иштөөгө, түз эфир маданиятын өздөштүрүүгө жана монтаждын кылдаттыктарын үйрөнүүгө бекем пайдубал болгонун белгилейт. Ал эми «Манас» гезитиндеги редакторлук тажрыйбасы ага тексттин логикасын, маалыматты берүү ыкмаларын жана редактордук жоопкерчиликти үйрөткөн.
«Манас бизге бекем пайдубал болуп берди, биз окууну бүткөндө даяр адис болуп чыктык», — дейт Б.Асанов. Ал азыркы студенттерди «окуу бүткөндөн кийин жумуш издейм» деген эски түшүнүктөн арылууга чакырат. Анын пикиринде, студент кезде эле эмгек рыногун изилдөө, тренингдерге катышуу жана кошумча жумуш табуу — келечектеги кесиптик жашоого эрте көнүгүүнүн жана жоопкерчиликти сезүүнүн эң натыйжалуу жолу.
Мамлекеттик кызматтагы тажрыйба жана кесиптик практиканын айкалышы
Бакыт Асановдун эмгек жолу 2011-жылы окууну аяктаары менен «Азаттыкта» башталган. Анын кесипкөйлүгү мамлекеттик деңгээлде да байкалып, 2015-жылы ошол кездеги Премьер-министр Темир Сариевдин басма сөз катчысы болуп дайындалган. Бул кызмат ага мамлекеттик башкаруунун ички механизмдерин жакындан көрүүгө мүмкүнчүлүк берген. “Журналист болуу — бул бир башка нерсе, бирок өкмөттүн ичинде эмнелер болуп жатканын өз көзүң менен көрүү мага процесстерди терең түшүнүүгө жана кеңири байланыш (networking) түзүүгө шарт түздү”— деп белгилейт ал. Б.Асановдун бул кызматта топтогон тажрыйбасы кийинчерээк медиа тармагына кайтып келгенде маалымат булактары менен алда канча натыйжалуу иштөөсүнө чоң жардам берген.
Б.Асановдун саясий жана коомдук маселелерге болгон кызыгуусу университет жылдарында эле калыптанган. «Манаста» окуп жүргөн кезинде жаштар саясаты, тил маселелери жана актуалдуу коомдук темаларды чагылдыруу менен кесиптик жактан такшалган. Кесибиндеги жана мамлекеттик башкаруудагы бул ар тараптуу тажрыйба 2022-жылы анын «Азаттык» радиосунун директору болуп шайланышына эң маанилүү тепкич болуп берди. Бүгүнкү күндө Бакыт Асанов мамлекеттик башкаруунун ичкериден билген жана журналистиканын принциптерине бекем турган жетекчи катары медиа чөйрөсүндөгү ишин улантууда.
«Келечектин медиасында билимдүүлөр жана өзүнө ишенгендер гана озуп чыгат»
Бакыт Асанов медиа тармагы акыркы 15 жылда технологиялык өнүгүүлөр менен бирге түп-тамырынан өзгөргөнүн белгилейт. Тездик менен илгерилеген технология журналистикадагы атаандаштыкты жаңы деңгээлге чыгарды. Эми журналисттер кесиптештери менен гана эмес, жасалма интеллект технологиялары менен да жарышууга аргасыз болууда. Анын пикиринде, бул санариптик трансформация тармактын жалпы көлөмүнүн тарышына алып келип, редакциялардагы штаттардын кыскарышына себеп болду жана бул процесс дагы деле уланууда.
Жогорку стресс жана чоң жоопкерчиликти талап кылган бул жаңы медиа тартибинде, туруштук берүү шарттары да катаалдашты. Б.Асановдун айтымында, татаал рыноктук шарттарда айырмалана билүү үчүн эми техникалык билим гана жетишсиз, күчтүү билим куржуну менен өзүнө болгон бекем ишеним кесиптик ийгиликте чечүүчү ролду ойнойт.
Санариптик сабаттуулук — замандын талабы
Заманбап эмгек рыногунда өз ордун табуу үчүн жаш адистер мүмкүн болушунча ийкемдүү жана универсалдуу даярдыкка ээ болушу керек. Бакыт Асановдун пикиринде, эгер мурун окуганды жана жазганды билбегендер сабатсыз деп эсептелсе, бүгүнкү күндө заманбап тренддерди жана технологиянын тилин түшүнбөгөндөр дал ошондой абалда калууда. Технологиядан узактагандар бир гана жумуш рыногунан эмес, коомдон да четтеп каларын эскерткен Б. Асанов, өзгөчө тил үйрөнүүнүн маанилүүлүгүнө көңүл бурат.
Кыргыз-Түрк «Манас» университетинин студенттери азыркы тапта билген кыргыз, орус жана түрк тилдерине кошумча катары дагы башка чет тилдерин үйрөнүүсү маалыматты ар тараптуу анализ кылууга мүмкүнчүлүк берерин белгилейт. Технология канчалык өнүкпөсүн, жасалма интеллект адамдын тил сезимин жана аналитикалык ой жүгүртүү жөндөмүн толук алмаштыра албайт деп эсептеген Б.Асанов, негизги маселе — технологияны жөн гана колдонуучу эмес, ага өкүмүн өткөрө алган адис болуу экенин баса белгилейт. Жаш адистерге билим алууну бир гана сабактар менен чектебөөнү сунуштап, күн сайын жаңы нерселерди үйрөнүүнү, негизги билимдерди тынымсыз жаңылап турууну жана өзгөрүүлөргө ачык болууну ийгиликтин алмаштырылгыс шарттары катары мүнөздөйт.
«Туура чөйрөдө калыптанганым үчүн сыймыктанам»
Бакыт Асанов ийгиликке жетүүдө билимден тышкары, студент кезде түзүлгөн байланыштардын жана чөйрөнүн ролун баса белгилейт. Ал инсандын жеке жана профессионалдык өсүшүндө бир гана билим эмес, анын тегерегиндеги адамдардын, дем алган атмосферасынын жана ошол чөйрө жараткан баалуулуктардын чечүүчү мааниси бар экенине токтолот.
Б.Асановдун группалаштары Касым Кубатбеков, Жибек Бегалиева, Азиза Култаева жана Айганыш Абдраева бүгүнкү күндө ар кайсы тармактарда өз ордун тапкан ийгиликтүү инсандар катары белгилүү. Алардын ар биринин өз тармагында адис болуп жетилишин Б.Асанов жеке аракеттен сырткары, ошол кездеги сапаттуу дос чөйрөсүнүн натыйжасы катары көрөт. Бул тууралуу ал мындай дейт: “Тобубуздун ар бир мүчөсү өз ишинин мыктысы болду. Ушундай чөйрөдө тарбияланганым жана университетибиз бизге ушундай мүмкүнчүлүк түзүп бергени үчүн сыймыктанам”.
Жылдар өтсө да үзүлбөгөн бул студенттик достордун байланышы бүгүнкү күндө бекем кесиптик кызматташтыкка айланган. Университетте түзүлгөн бул мамилелердин дагы бир көңүл бурарлык жагы — мугалим менен студенттин ортосундагы байланыштын убакыттын өтүшү менен трансформацияланышы. Бакыт Асанов бир кезде сабактарын угуп жүргөн мугалимдери менен бүгүн кесиптеш катары пикир алышып, атүгүл биргелешкен долбоорлорду ишке ашырып келет. Мисалы, кезинде устаты болгон Бакыт Орунбеков менен бүгүн кесиптеш катары иштешип, бири-биринен кеңеш алып, ар кандай темаларда талкуу жүргүзө алышат. Бул көрүнүш билим берүү процесси бир гана диплом менен чектелбестигин, ал өмүр бою улана турган академиялык жана профессионалдык сабак экенин далилдейт.
«Эмне иш кылсаң да, эң мыктысын кыл»
Бакыт Асанов үчүн ийгилик - бул жөн гана ээлеген кызмат же карьералык тепкичтерден көтөрүлүү дегенди билдирбейт. Ал кесиптик чеберчиликтен мурда адамдык баалуулуктар турушу керек деп эсептейт. «Кандай кесиптин ээси болбосун, ар бир инсан өз баласына жакшы келечек жана татыктуу тарбия берүүнү каалайт. Мен үчүн да негизги максат жакшы ата, жакшы адам жана коомдун кадыр-барктуу мүчөсү болуу», — дейт ал өз сөзүндө.
Б.Асановдун кесиптик жана жеке жашоосундагы эң башкы жол көрсөтүүчүсү университеттеги мугалиминин: «Эмне иш кылсаң да, эң мыктысын кыл», — деген сөзү. Студенттик жылдарында бул насааттын тереңдигин толук аңдап билбегенин айткан Б.Асанов, убакыт өтүп, тажрыйба топтогон сайын бул сөздүн маанисин дагы да жакшыраак түшүнүп жатканын белгилейт. Бүгүнкү күндө кандай кызматта иштебесин, жасаган ар бир ишине өзгөчө кылдаттык менен мамиле кылуу жана жогорку жоопкерчилик менен аракеттенүү, анын өзгөртүүгө мүмкүн болбогон негизги принциби бойдон калууда.





