2026-09-07

КТМУ коммуникация факультети VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына академиялык тажрыйбасы менен салым кошууда


Кыргыз-Түрк «Манас» университети (КТМУ) академиялык билимин жана тажрыйбасын эл аралык деңгээлдеги иш-чаралар менен айкалыштырып келет. Илимий-педагогикалык курамдын өкүлдөрү 2026-жылдын 1–6-сентябрь күндөрү Ысык-Көл облусунда өткөрүлүп жаткан VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын маданий программасын даярдоо, координациялоо жана аны медиа аркылуу таанытуу процесстерине эксперт катары катышты.

Чолпон-Ата шаары жана Кырчын жайлоосу өткөрүп жаткан Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары салттуу спорт түрлөрү менен катар көчмөн элдердин маданий мурасын, өнөрүн, жашоо образын жана жалпы баалуулуктарын эл аралык коомчулукка тааныткан маанилүү иш-чаралардын бири катары өзгөчөлөнөт. КТМУнун окутуучуларынын иш-чарага кошкон салымы университеттин академиялык тажрыйбасын маданият, коммуникация жана коомдук салым багыттарында практикага киргизүүнүн актуалдуу мисалдарынын бири болуп саналат.

КТМУнун коммуникация факультетинин академиялык тажрыйбасы эл аралык иш-чарада чагылдырылды

VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары тууралуу кеңири аудиторияга кесипкөй коммуникация ыкмалары аркылуу маалымат жеткирүүгө багытталган иштерде КТМУнун коммуникация факультетинин академиялык тажрыйбасы колдонулду. Коммуникация факультетинин радио, телевидение жана кино бөлүмүнүн ага окутуучусу, докт. Марат Эргешов иш-чараны медиа аркылуу таанытууга багытталган иштерди жүргүзүүгө катышты. Маданий программанын медиа мейкиндигинде натыйжалуу чагылдырылышын камсыз кылуу жана Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын маданий баалуулуктарын кеңири аудиторияга жеткирүү максатында жүргүзүлгөн иштерге өзүнүн кесипкөйлүгү менен салым кошту.

КТМУнун ага окутуучусу Стамбулбек Мамбеталиев болсо Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын алкагында даярдалган улуттук маданий программаны уюштуруу жана координациялоо иштеринде жоопкерчилик алды. С. Мамбеталиев иш-чаранын жүрүшүндө маданий мурастын элементтерин программанын бирдиктүү түзүмүндө сунуштоо жана уюштуруу иштеринин координациялуу жүргүзүлүшүн камсыз кылуу багытында иш алып барууда.

Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын маданий эс тутуму сүрөттөрдө чагылдырылды

VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын маданий байлыгын визуалдык жактан документтештирүү жана келечекте ачылышы пландалып жаткан көргөзмө аркылуу кеңири аудиторияга жеткирүү иштерине КТМУнун коммуникация факультетинин адиси Фахри Тархан да салым кошту. Тархан иш-чаранын алкагында жүргүзүлгөн кесипкөй фотосүрөт тартуу иштерине катышып, Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын маданий программасын, салттуу жашоо элементтерин жана Кырчын жайлоосунда калыптанган өзгөчө атмосфераны сүрөттөргө түшүрдү. Көргөзмөдө көрсөтүлө турган визуалдык материалдарды даярдоого багытталган тартууларда көчмөн маданияттын жандуу элементтерин күчтүү визуалдык баяндоо аркылуу документтештирүүгө салым кошту.

Кесипкөй фотография жана визуалдык коммуникация тармагындагы тажрыйбасын ишке багыттаган Тархандын тарткан сүрөттөрү Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары чагылдырган маданий мурастын визуалдык эс тутумун калыптандырууга жана бул мурасты көргөзмө аркылуу түрдүү аудиторияларга жеткирүүгө өбөлгө түзөт.

Ректор А.Жейлан: Академиялык тажрыйбабыз коомдук иштерге багытталышын колдойбуз

Университеттин академиялык билимин жана адистик тажрыйбасын коомчулук менен бөлүшүүгө чоң маани берилерин белгилеген КТМУнун ректору, проф., докт. Алпаслан Жейлан Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары сыяктуу Кыргызстандын маданий мурасын эл аралык коомчулукка тааныткан иш-чараларга КТМУнун окутуучулардын катышуусу университеттин коомго салым миссиясына шайкеш келерин белгиледи. Ошондой эле А.Жейлан КТМУ билим берүү жана илимий-изилдөө ишмердиги менен катар өзүнүн академиялык тажрыйбасын Кыргызстандын жана түрк дүйнөсүнүн маданий өнүгүүсүнө салым кошо турган долбоорлорго багыттоого маани берерин баса белгилеп, университет улуттук жана эл аралык деңгээлде баалуулук жараткан долбоорлорго активдүү катышуусун уланта берерин билдирди.

КТМУнун окутуучуларынын көчмөн цивилизациялардын тарыхый эс тутумун жана жандуу маданий мурасын дүйнөгө тааныткан маанилүү эл аралык платформа болгон VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын программасын даярдоо, координациялоо жана коммуникация процесстеринде жоопкерчилик алышы университеттин окутуучуларынын эксперттик потенциалын мындай кеңири масштабдагы иш-чарага колдонууга мүмкүнчүлүк берди.