«Текст жазуу гана эмес, тартуу жана монтаждоо да зарыл»: Улуттук каналдын жаш кабарчысы АйнускаАсанбекованын баяны
Заманбап медиа мейкиндиги күндөн-күнгө кубулуп, журналисттерден бир гана текст жазууну эмес, визуалдык контент жаратууну, жогорку ыкчамдыкты жана универсалдуулукту талап кылууда. Кыргыз-Түрк «Манас» университетинин коммуникация факультетинин радио, телевидение жана кино искусствосу бөлүмүнүн бүтүрүүчүсү, бүгүнкү күндө Улуттук каналдын «Ала-Тоо 24» телеканалынын кабарчысы Айнуска Асанбекова биздин кабарчыларыбыз Асылай Тороева жана Алтынай Досубековага маек берди. Окууну аяктаганына аз эле убакыт болгон жаш адис, студенттик күндөрүнөн кийинки кесиптик алгачкы кадамдары, заманбап медианын абалы жана бүгүнкү күндүн талаптары тууралуу пикир бөлүшүп, «Манастын» болочок бүтүрүүчүлөрүнө өзүнүн баалуу кеп-кеңештерин айтып берди.
«Университетти карантинде айылда отуруп, онлайн тандагам»
Айнусканын «Манас» университетине келиши дүйнөнү каптаган пандемия мезгилине туш келет. Мектепти аяктап жатканда бардык нерсе онлайн форматка өткөндүктөн, ал айылда отуруп эле ага-эжелердин кеңешине жана интернеттеги маалыматтарга таянып университеттерди изилдей баштайт. Окуу жай тууралуу изденип жүрүп, «Манас» университетине кызыгуусу артат. Бул тууралуу ал кабарчыларыбыздын суроолоруна жооп берип жатып мындай дейт:
«ЖРТ жыйынтыгы чыкканга чейин эле ЖОЖдорду изилдеп баштагам. Ошондо "Манас" университетинин гана веб-сайтында жана социалдык тармактарында окуу жай, тапшыруу эрежелери боюнча толук жана түшүнүктүү маалымат бар болчу. Мен сайттан коммуникация факультетин, сабак берген мугалимдерге чейинизилдеп чыккам. Мектепте жүргөндө онлайн медиа тренингдерге катышып, келечекте журналистика өзгөрөрүн, текст жазуу менен бирге видео тартууну, монтажды өздөштүргөн мультимедиалык адис болуу керектигин уккам. Ошондуктан дал ушунун баарын үйрөткөн RTS бөлүмүн өз каалооменен тандап алгам».
«Манастын» студенти болгондон кийин да Асанбекова окуудагы жогорку көрсөткүчтөрү менен стипендияга ээ болуп, университет түзүп берген академиялык жана практикалык мүмкүнчүлүктөрдү мүмкүн болушунча пайдаланууга аракет кылган.
«Кээде мугалимдерибизге таарынчубуз...»
Каарманыбыздын айтуусунда, коммуникация факультетиндеги студенттик жылдар ар кайсы жерде камера көтөрүп чуркоо, дедлайндарга жетишүү жана кафетерийде экзаменге даярдануу менен эсте калган. Практикалык сабактар өзгөчө форматта өтүп, окутуучулардын жогорку талаптары студенттерди кесипкөйлүккө тарбиялаган.
«Кээде мугалимдерибиз бизди түшүнүп койсо болмок деп таарынчубуз. Бирок азыр алардын койгон талаптары бизди кесипкөй болууга, жумушка так мамиле кылууга үйрөтүп, мүнөзүбүздү да тарбиялаганын түшүнүп жатам», — деп эскерет Айнуска.
Айнусканын студенттик кездеги эң чоң жетишкендиктеринин бири — анын дипломдук иши катары тартылган «Атасынын кызы» аттуу тасмасы болду. Айнусканын айтуусу боюнча университет тасманы тартуу үчүн бардык зарыл болгон техникалык базаны камсыздап берген. Бул эмгек Түркияда өткөн белгилүү TRT «Келечектин коммуникаторлору» сынагында атайын сыйлыкка ээ болгон. Каарманыбыз тасма тартуу процесси тууралуу айтып жатып:
«Дипломдук жетекчим Наргиза эжейдин (ред. ага окутуучу Наргиза Маматкулова) колдоосу абдан чоң болду. Тартууга чейин бизди этап-этабы менен даярдап, “шашпа, эч кимди укпа, каалаганыңдай тартып кел” деп дем берчү. Монтаж учурунда да ар бирибиз менен өзүнчө иштеп, жардамын аяган жок. Мугалимдерибиз менен мурунку студенттердин дипломдук иштерин талдап, каталарын көрчүбүз. Бирок өзүбүз иштеп баштаганда ошол каталарды кайра кетирдик. Мен ошондо баары тажрыйба менен үйрөнүлөрүн түшүндүм», — деп эскерет Айнуска.
«Ала-Тоо 24» каналындагы эмгек жолу жана кесиптик такшалуу
Университетти аяктагандан кийин Айнуска алгач мамлекеттик мекемелердин биринин пресс-кызматында иштеп көргөн. Бирок Анкарада өткөн TRT фестивалынын алкагындагы кабарчылык боюнча мастер-класстар анын журналистикага болгон кызыгуусун кайра ойготуп, кесиптик багытын кайрадан таразалап, «Ала-Тоо 24» каналына кабарчы болуп барууга түрткөн. Бир айлык сыноо мөөнөтүн ийгиликтүү аяктагандан кийин штатка кабыл алынып, учурда Улуттук каналда кабарчы болуп эмгектенет.
Бүгүн Айнуска окуя болгон жерлерден репортаж жана сюжеттерди даярдап, текст жазат. Ошондой эле чет элдик жаңылыктар менен анализ жасап иштейт. Анын айтымында, «Манаста» теория менен практиканын айкалышта берилиши реалдуу иш майданына тез көнүп кетүүсүнө бекем пайдубал болгон.
«Диплом колго тийгенде бардык эшиктер өзү ачылчудай сезилет экен»
«Окууну аяктап, диплом колго тийгенде бардык эшиктер өзү ачылчудай сезилет экен. Баарын идеалдуу элестетесиң. Бирок реалдуулук бир аз башкача болот. Ар кандай учурлар кездешет», — дейт Айнуска. Ал кесиптик жолун жаңы баштаган жаштарга реалдуулукка даяр болуп, кыйынчылыктардан тартынбоону сунуштайт. Анын пикиринде, жаштар өзүнө ишенип, колунан келген ишке жоопкерчилик алып, өз пикирин ачык айтышы жана укугун тайманбай коргой билиши керек.
Ошондой эле Айнусканын айтуусунда азыркы медиада жакшы жазганды билүү эле жетишсиз. Адис өзү тартып, видео монтаждап, маалыматты кыска убакытта түшүнүктүү жеткире билиши керек. Жаңы медиа контентти кандай формада сунуштоону, аудиториянын кызыгуусун жана өзгөрүп жаткан тренддерди дайыма эске алууну талап кылат. Ошол эле учурда Асанбекова, технология өнүккөн сайын журналисттин жоопкерчилиги да жогорулап жатканын белгилейт. Айрыкча жасалма интеллектти колдонууда тездик менен сапаттын, ал эми рейтинг жана көрүүлөр менен кесиптик этиканын ортосундагы тең салмакты сактоо өзгөчө маанилүү. Айнуска мындай учурда университетте алган теориялык билимине таянып, редакторлору менен кеңешип иштөөгө аракет кыларын айтат.
«Жумуш таап алдыңарбы деп абалыбызды сурап турушат»
Айнуска үчүн «Манас», университетти бүтүрүү менен аяктаган этап эмес. Бүгүн анын группалаштары кино, медиа жана мамлекеттик мекемелердин пресс-кызматтарында эмгектенип, кесиптик байланыштарын улантып келишет. Зарыл учурда бири-бирине кайрылып, тажрыйба жана колдоо менен бөлүшөт. Окутуучулар менен болгон байланышы да үзүлгөн эмес. Өзгөчө университетти аяктагандан кийин агай-эжейлеринин «Жумуш таап алдыңарбы?» деп абалын сурап, кабар алып турушу Айнуска үчүн өтө маанилүү. Манастын Карьералык бөлүмү да бүтүрүүчүлөр менен байланышын улантып келет.
«Манас мага жакшы социалдык чөйрө берди деп ишенимдүү айта алам», — дейт Айнуска.
Корреспонденттер: Асылай Тороева жана Алтынай Досубекова




