2025-09-24
22-сентябрь 2025 саат 15:30 , Радио, ТВ жана киноискусство бөлүмүнүн 1-курс студенттери үчүн «Радио, телевидение жана киноискусство бөлүмү, таанышуу жана багыт берүү» семинары өткөрүлдү. Иш чара Коммуникация факультетинде 317-кабинетте болду. Бул семинардын максаты – 1 курска жаңы келген студенттерге Кыргыз-Түрк «Манас» университетинин веб сайтындагы маалыматтар менен тааныштыруу, студенттердин укуктары жана милдеттери деталдуу түрдө берилген инструкциялар, сынактар ж.б. окуу тарбия процессиндеги маселелер боюнча багыт берүү жана маалымдоо. Иш чаранын жүрүшүндө университеттин веб сайты, андагы Коммуникация факультетинин, бөлүмдөрдүн баракчалары, китепкана, студенттик бөлүм, жоктомо системасы, орточо балл түшүнүгү ж.б. маселелер каралды.