2026-04-15
2026-жылдын 13-апрелинде Экономика жана башкаруу факультетинин Экономика бөлүмүндө “Кыргызстанда микрофинансы секторунун экономикага тийгизген таасири” аттуу семинар өткөрүлдү. Семинарды «Frontiers» микрокредиттик компаниясынын операциялык директору Мирбек Аманкожоев алып барды.
Иш-чаранын жүрүшүндө катышуучуларга Кыргызстандагы микрофинансы секторунун экономикалык өнүгүүгө тийгизген таасири, финансылык жеткиликтүүлүктү жогорулатуудагы ролу, ошондой эле чакан жана орто ишканаларды колдоодогу мааниси тууралуу кеңири маалымат берилди.
Мындан тышкары, микрофинансы уюмдары капиталга жетүүнү жеңилдетүү аркылуу экономикалык мүмкүнчүлүктөрдү кеңейтүүгө жана калктын жашоо деңгээлин жогорулатууга олуттуу салым кошору белгиленди.