2025-11-26


2025-ж. 21-ноябрында Европа Биримдигинин Кыргыз Республикасындагы Өкүлчүлүгүнө зиярат


Университетибиздин Эл аралык мамилелер бөлүмүнүн студенттери кафедра башчысы проф.др. Насух ​​Услу жана башка профессордук-окутуучулар курамынын коштоосунда Европа Биримдигинин Кыргыз Республикасындагы Өкүлчүлүгүнө барышты. Эки саатка созулган сапарда Европа Биримдигинин элчиси студенттерге кайрылып сөз сүйлөдү. Бири дипломат, экинчиси изилдөөчү болгон өкүлчүлүктүн эки кызматкери, Европа Биримдигинин Кыргыз Республикасындагы ишмердүүлүгү тууралуу маалымат берип, студенттердин суроолоруна жооп беришти.