2025-11-26
2025-жылдын 24-ноябрында саат 15:30да “Бахчешехир” университетинин окутуучусу, доктор Нажиба Мустафаева «Түрк мамлекеттеринин кызматташтыгы аркылуу көп тараптуулукту бекемдөө: Түрк кызматташтык жана координациялык кеңешинин өзгөргөн ролу» аттуу семинар өткөрдү. Эл аралык аренада көп тараптуулуктун алдында турган олуттуу кыйынчылыктарды көрсөткөн Мустафаева эл аралык уюмдарда, өзгөчө Бириккен Улуттар Уюмунда реформа жүргүзүү зарылдыгын баса белгиледи. Ал ошондой эле Түрк мамлекеттери уюмунун жетишкендиктерин баса белгилеп, азыркы шартта түрк мамлекеттери Бириккен Улуттар Уюмундагы жана башка эл аралык уюмдардагы ролу аркылуу көп тараптуулукка олуттуу салым кошо аларын баса белгиледи.