Декандан сөз

Биринчиден, факультеттин түзүлүшүнөн азыркы күнгө чейин жетекчи жана окутуучу мугалим болуп эмгектенип келген, факультетибизди «Манас» университетинин эң алдыңкы факультеттеринин бирине айланткан  бирок азыр арабызда жок коллегаларыма, биздин жамаатка жаңыдан кошулган мугалимдерге, бизди тандаган студенттерге жана биздин жамаатта өзүнүн кызматын көрсөтүүнү каалаган бардык коллегаларыма терең ыраазычылык билдирем.

Факультетибиз 2002- жылынан баштап 1858 бүтүрүүчүлөрдү уядан учурган. Бүтүрүүчүлөрүбүздүн көбү Кыргызстан, Россия Федерациясы жана Түркиянын 16 ар башка региондорунда же өзүлөрүнүн бизнесин ачып же болбосо жеке жана мамлекеттик секторлордо башкаруучу, бухгалтер, маркетолог, банкир, камсыздандыруучу, импортер жана экспортер болуп иштеп жатышат.

  Факультетибиздин Экономика, Менеджмент, Финансы жана Эл аралык мамилелер бөлүмдөрү жыл сайын кезектешип эл аралык илимий конференцияларды өткөрүшөт.  Ошондой эле студенттер жана студенттик клуб «Карьера Күндөрүн», студенттик конференцияларды жана семинарларды уюштуруп турушат.  Мындан сырткары жыл сайын жай айларында орточо баасы 4.түк система боюнча 3.00 төн  жогору болгон студенттер чет өлкөлөргө стажировкадан өтүү үчүн жөнөтүлөт.

Студенттерибиз окутуу тилдеринен сырткары орус, англис же  кытай тилдеринин бирин үйрөнүп, факультетибизди, дүйнөнүн ар кайсы бурчунда атаандаштыкка туруктуу билим жана жөндөмдүүлүктөргө ээ болуп, аяктап жатышат.

Факультетибиз студенттерге билим берүү менен бирге мамлекеттик жана жеке сектор  уюмдарга билим жагынан көмөк көрсөтүүдө. Финансы министрлигинин өкүлдөрү менен өткөрүлгөн «Салык» темасында коомдук дискуссиялар жана уюмдарга берилген сертификаттуу билим программалары буга мисал боло алат. Мындан сырткары илимий изилдөөлөрүбүз жана илимий журнал китептерибиз менен илим - билимдин өнүгүшүнө өз салымыбызды кошкон дугубузга мисал боло алат.

Бир ийгиликтин башында сүйүү, аракеттенүү, билим, сабырдуулук, жана каалоо  арзуу сыяктуу сапаттар тургандыгы белгилүү. Эгер алдыга койгон максатыңыз же миссияңыз бар болсо, бул сапаттар дагы да чоң мааниге ээ боло баштайт. Эл аралык сапатка ээ болгон факультетибиз жөн гана модел болбостон, ошол эле учурда келечек муундардын экономикалык, социалдык, маданий биримдигинин негизинде түптөлгөн берметтин   ролун аткарат.
Келечектеги окуу жылдарынын университетибизге, Түрк дүйнөсүнө жана бүтүндөй дүйнө жүзүнө ийгилик, тынчтык, ден соолук жана бейпилдик алып келишине тилектешмин. Бардыгыңыздарга чын дилимден ыраазычылыгымды билдирем.

PhD. Профессор
Серхат БУРМАОГЛУ