2026-11-04

Эл аралык мамилелер бөлүмү тарабынан экстремизм жана терроризмге каршы күрөшүү темасында семинар өткөрүлдү


2026-жылдын 5-ноябрында Кыргыз-Түрк «Манас» университетинин Эл аралык мамилелер бөлүмү тарабынан «Кыргызстандагы экстремизм жана терроризм көйгөйлөрү жана бул коркунучтарга каршы аракеттенүү стратегиясы» аттуу семинар өткөрүлдү.
Семинарды бөлүмдүн окутуучусу, доцент, PhD доктору Закир Чотаев өткөрдү. Иш-чаранын жүрүшүндө Кыргызстандагы экстремизм жана терроризмге байланыштуу көйгөйлөр, бул коркунучтардын тарыхый өнүгүшү жана мамлекеттин аларга каршы күрөшүү стратегиялары талкууланды.
Семинардын ачылышында сөз сүйлөгөн Эл аралык мамилелер бөлүмүнүн башчысы, профессор Юнус Эмре Гүрбүз экстремизм жана терроризм коопсуздук жагынан гана эмес, саясий, коомдук жана эл аралык өңүттөрдөн да изилдөөнү талап кылган маанилүү маселелер экенин баса белгиледи. Ал актуалдуу көйгөйлөрдү илимий негизде талдоодо университеттер маанилүү роль ойной турганын белгилеп, мындай академиялык иш-чаралар студенттердин билим деңгээлин жогорулатууга өбөлгө түзөрүн айтты.
Өз баяндамасында доцент Закир Чотаев экстремизм, радикализм жана терроризм түшүнүктөрүнүн ортосундагы айырмачылыктарга токтолуп, Кыргызстанда бул коркунучтарга каршы күрөшүүнүн алкагында кабыл алынган мыйзамдык жана институционалдык чаралар тууралуу маалымат берди. Айрыкча 2017–2022 жана 2023–2027-жылдарга карата мамлекеттик программаларды салыштырып, экстремизм жана терроризмге каршы саясаттын өнүгүшүнө баа берди.
Ошондой эле Чотаев 2023–2027-жылдарга карата мамлекеттик программада алдын алуу иш-чараларына, мекемелер аралык координацияга, билим берүү жана маалыматтык-түшүндүрүү иштерине, эл аралык кызматташтыкка, ошондой эле радикалдык идеологиялардын таасирине кабылган адамдарды коомго кайра интеграциялоого өзгөчө маани берилгенин белгиледи.
Орус тилинде өткөрүлгөн семинар Кыргызстандын улуттук коопсуздук саясатын жана экстремизм менен терроризмге каршы күрөшүү стратегияларын академиялык жактан талдоого салым кошту.