2026-11-06

«Ийгиликтүү резюме түзүү» тренинги өткөрүлдү


Үстүбүздөгү жылдын 3-ноябрында КТМУ Карьера кеңсеси тарабынан студенттердин кесиптик өнүгүүсүнө жана жумушка орношуу мүмкүнчүлүктөрүн жогорулатууга багытталган «Туура резюме түзүү» аттуу тренинг уюштурулду.

Тренингге факультетибиздин 4-курсунун студенттери катышты.

Иш-чаранын жүрүшүндө семинардын лектору, Карьера кеңсесинин координатору, доцент, PhD Сейил Нажимудинова резюме түзүүдө эске алынууга тийиш болгон негизги талаптар, көңүл бурулушу зарыл болгон маанилүү жагдайлар жана жол берилбеши керек болгон каталар тууралуу кеңири маалымат берди. Ошондой эле заманбап эмгек рыногунун талаптарына ылайык, жумуш берүүчүлөрдүн көңүлүн буруунун жана өзүн башка талапкерлерден айырмалап көрсөтүүнүн натыйжалуу жолдору менен бөлүштү.