2026-11-06

«Бизнес тили катары кыргызча» аттуу семинар өткөрдүлдү.


«Bereke Books» басмаканасынын негиздөөчүсү, ошондой эле Креативдүү индустриялар ассоциациясынын Байкоочу кеңешинин мүчөсү Гүлназ Асакеева тарабынан 2026-жылдын 4-ноябрында Менеджмент бөлүмүнүн студенттери үчүн «Бизнес тили катары кыргызча» аттуу семинар өткөрүлдү. 322-аудиторияда саат 15:30да өткөрүлгөн иш-чарада Гүлназ Асакеева кыргыз тили, ишкердик чөйрөсү жана өзүнүн жеке тажрыйбасы тууралуу кызыктуу баяндама жасады. Семинардын жүрүшүндө баяндамачы кыргыз тилинин бүгүнкү күндө ишкердик чөйрөдө да, күнүмдүк жашоодо да өтө маанилүү экендигин баса белгиледи. Катышуучулар тарабынан кызыгуу менен кабыл алынган семинар кызыктырган маселелер кеңири талкууланган суроо-жооп сессиясы менен жыйынтыкталды. Урматтуу Гүлназ Асакеевага баалуу салымы жана бөлүшкөн тажрыйбасы үчүн терең ыраазычылык билдиребиз!