2026-04-07


BM Hackathon 2026


BM Hackathon 2026

3-4 апрель 2026 датасынды өткөрүлгөн Manas BM Hackathon 2026 иш-чарасы студенттер үчүн эң маанилүү жана кызыктуу иш чара. Себеби, хакатон студенттердин техникалык билимдерин гана эмес, ошондой эле чыгармачылыгын, аналитикалык ой жүгүртүүсүн жана коомдук маанилүү маселелерге болгон мамилесин көрсөтүүгө мүмкүнчүлүк берет.

Бул жылдын темасы: “Архивдин үнү” (The Voice of Archive)

Катышуучуларга 1918–1956-жылдар аралыгындагы Кыргызстандын тарыхый архивдери менен иштөө тапшырмасы берилди. 

Берилген тапшырманы аткаруу жана баалоодогу негизги милдеттер:

Бул тапшырмалар техникалык гана эмес, тарых менен технологияны байланыштырган жана жасалма интеллектти социалдык көйгөйлөрдү чечүүгө багыттаган  комплекстүү долбоор болуп, студенттерди жөн гана программист эмес, коомго салым кошкон инженерлер катары тарбиялайт

Бул иш чарага жалпы 13 команда катышып, өз долбоорлорун сунушташты. Командалар ичинен коюлган талаптарды аткаруу менен жюринин купулуна толгон өзгөчө командалар алдыга чыгышты. 

Номинациялар

Төмөнкү командалар өзгөчө жетишкендиктери үчүн сыйланышты:

Жеңүүчүлөр

Хакатондун жыйынтыгында төмөнкү командалар жеңүүчү деп табылды:

? 3-орун: Nohut командасы
? 2-орун: Общество чёрных людей командасы
? 1-орун: Universal командасы

Жеңүүчүлөргө сыйлыктар уюштуруучулар тарабынан тапшырылды.

Manas BM Hackathon 2026 жогорку деңгээлде уюштурулуп, катышуучулар үчүн баалуу тажрыйба болду. Иш-чара технология менен тарыхты айкалыштырып, студенттердин практикалык жана социалдык жоопкерчилигин өнүктүрүүгө чоң салым кошту.

Жюри тобу:

Форумду уюштуруу тобу:

Уюштуруу тобун жетектеген: др. Чинара Жумабаева