2026-04-27
Кыргыз-Түрк «Манас» университети тарабынан «Жашыл келечек үчүн санариптик чечимдер» темасы менен уюштурулган Manas E-LAB IDEATHON 2026 конкурсунда ар түрдүү тармактардан келген студенттер катышты. Электроника жана электр инженерлиги бөлүмүнүн студенттери Алия Куменова жана Гульшат Арстанбек кызы жетектеген команда 2-орунду ээледи.
Др. Сейитали Ильяс жетекчилик кылган бул долбоордо жогорку чыңалууга негизделген электростатикалык чөкмө (ESP–Electrostatic Precipitator) ыкмасы аркылуу автоунаалардын чыгарган газдарындагы зыяндуу бөлүкчөлөрдү кармоо жана аларды экологияга зыянсыз продуктыларга айландыруу боюнча чечим иштелип чыккан. Долбоор ошондой эле Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги тарабынан колдоого татыктуу деп табылып, кызматташуу мүмкүнчүлүгү жогору деп бааланган.
Бардык студенттерди куттуктайбыз жана мындан аркы ийгиликтерди каалайбыз!