2025-04-30


Тамак-аш инженерлиги бөлүмүндө Карьера Күнү өткөрүлдү


25-апрель, 2025-жылы Кыргыз-Түрк Манас университетинин Инженердик факультетинин Тамак-аш инженериясы бөлүмүндө кесиптик багыттагы маанилүү иш-чара болуп өттү. МФФБ 412-чогулуш-залында өткөрүлгөн бул иш-чарага иш берүүчүлөр, студенттерди жана бөлүмдүн окутуучулары катышты.

Иш-чаранын ачылышын Тамак-аш инженериясы бөлүмүнүн башчысы, доцент Анарсейит Дейдиев жасап, студенттерге бул жолугушуунун маанилүүлүгүн белгиледи. Иш-чарага бөлүмдүн I, II, III жана IV-курсунун студенттери жана окутуучулары катышышты.

Иш-чаранын жүрүшүндө "Shoro", "Bishkek Sut Pepsi Co", "Beta Kyrgyzstan International", "One Village One Product", жана "Coca Cola Bishkek Bottlers" компанияларынын өкүлдөрү өз ишканалары тууралуу маалымат берип, студенттердин суроолоруна жооп беришти. Катышуучулар стажировка жана жумуш шарттары боюнча пайдалуу маалыматтарды алышты.