2026-04-23
2026 жылдын 15-апрелинде Тамак-аш инженерлиги бөлүмүнүн х.и.к., ага окутуучусу Айгүл Усубалиеванын жетекчилиги астында бөлүмдүн 4-курсунун студенттери ЖЧК «Тойбосс» ишканасында экскурцияда болушту. Бөлүмүбүздүн студенттери ишкананын өндүргөн продукциялары, өндүрүштүк цехтердеги технологиялык линиялар, негизги жана жардамчы жабдыктар, алардын иштөө принциптери, Эл аралык стандарттар ж.б. көптөгөн маалыматтарга ээ болушту. Ишкананын жетекчилиги жана адистери менен жолугушууда студенттерди кызыктырган көптөгөн суроолор берилип талкуулар жүргүзүлдү.