2026-11-04
БУУнун Дүйнөлүк азык-түлүк программасы (БУУ ДАТП) 2026-жылдын 30-октябрында тамактануу маселелери боюнча техникалык семинар өткөрдү. Аталган семинарга ООНдун башкы офисинен келген өкүлдөр, мамлекеттик органдардын өкүлдөрү, азык-түлүк боюнча адистер жана университетибиздин Тамак-аш инженерлиги бөлүмүнөн PhD., доцент Жылдызай Өзбекова жана т.и.к., доц.м.а Айдайкан Касымакунова катышышты. Техникалык семинарда туура жана толук кандуу тамактануу, мектептеги балдардын тамактануу менюсу, өлкөбүздөгү тамактануудагы өзгөчөлүктөр ж.б.у.с темаларда докладдар сунулду. Ошондой эле катышуучулар арасында практикалык группалык иш жүргүзүлүп суроо-жооптор берилип, сунуштар талкууланды. Семинарда айтылган сунуш жана жыйынтыктар мектептеги балдардын тамактануусун түрдүүчө кылып байытуу жана жакшыртууга, жергиликтүү азыктарды колдонуу менен меню түзүүгө жардам берет.

.jpeg)