2026-10-27


Көркөм өнөр факультетинде Жаныбек Бердикеевдин «Түркияда бир күнүм» аттуу сүрөт көргөзмөсү ачылат


Республика күнүнө арналат: «Түркияда бир күнүм» сүрөт көргөзмөсү

Кыргыз-Түрк «Манас» университетинин Көркөм өнөр факультети тарабынан Түркия Республикасынын 29-октябрь Республика күнүнө карата уюштурулган сүрөтчү Жаныбек Бердикеевдин «Түркияда бир күнүм» аттуу сүрөт көргөзмөсү 2026-жылдын 28-октябрында саат 14:30да Курманжан Датка атындагы сүрөт галереясында ачылат.

Республиканын майрамдык маанайын искусствонун түстөрү менен бөлүшүүгө чакырабыз!