2026-04-17

Анкара университети менен кызматташтыкта онлайн вокал сабагы өткөрүлдү


Көркөм өнөр факультети менен Анкара университетинин Мамлекеттик консерваториясынын кызматташтыгында уюштурулган “Онлайн вокал сабагы” 2026-жылдын 15-апрелинде ийгиликтүү өткөрүлдү.

КТМУ Көркөм өнөр факультетинин Музыка бөлүмүнүн окутуучусу Гөкхан Усалдын координациясында өткөн иш-чарада профессор доктор Демет Гүрхан тарабынан жүргүзүлгөн сабактын алкагында вокал боюнча теориялык жана практикалык иштер аткарылды.

Иш-чара эки бөлүктөн туруп, биринчи сабак Түркия убактысы боюнча саат 10:30да (Кыргызстан убактысы боюнча 13:30да), экинчи сабак Түркия убактысы боюнча 11:20да (Кыргызстан убактысы боюнча 14:20да) башталды. Сабактар КТМУ Көркөм өнөр факультетинин A103 аудиториясында өткөрүлдү.

Онлайн форматта уюштурулган бул сабак студенттерге үн тарбиясы, туура дем алуу жана сахнадагы аткаруу боюнча билим жана тажрыйба алууга өбөлгө түздү. Ошондой эле бул иш-чара эки университеттин ортосундагы академиялык кызматташууну чыңдоого маанилүү салым кошту.