Көркөм өнөр факультетинин Сахна искусствосу бөлүмүнүн студенттери Бишкекте өткөн XI Эл аралык студенттик театр фестивалында драматургия жана театр сыны багыттарында 7 сыйлыкка ээ болуп, эл аралык деңгээлде олуттуу ийгилик жаратты.
2026-жылдын 18-апрелинде Бишкекте өткөн «Жаңы ысымдар» XI Эл аралык студенттик театр фестивалы жыйынтыкталды. Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлиги, Бүбүсара Бейшеналиева атындагы Кыргыз мамлекеттик маданият жана искусство университети жана Кыргызстандын театр ишмерлер союзу тарабынан уюштурулган фестиваль быйыл Бүбүсара Бейшеналиеванын 100 жылдыгына арналды.
Кыргызстан, Түркия, Россия, Өзбекстан, Казакстан жана Азербайжандан келген театр бөлүмүнүн студенттери катышкан фестивалда Кыргызстан-Түркия Манас университетинин Көркөм өнөр факультетинин Сахна искусствосу бөлүмүнүн студенттери жогорку жыйынтыктарды көрсөттү.
Жаныш Кулманбетовдун жетекчилиги алдында билим алып жаткан студенттер «Эң мыкты драматургия» жана «Эң мыкты театр сыны» номинацияларында катышып, жалпысынан 7 сыйлыкка ээ болушту. Мээрим Курбанбекова «Парик» аттуу чыгармасы менен, Зулайха Акунова «Les gde poyut tsikady» чыгармасы менен биринчи орунду ээлешти. Эльнура Шабырбекова «Пигмалион» аттуу чыгармасы менен экинчи орунга татыды.
Театр сыны багытында Сезим Жумашова «Белкиндин повесттерине бир ок» аттуу эмгеги менен биринчи орунду багындырса, Бегимай Сагалиева «Бир келип өт Оштун тарабына» аттуу сын макаласы менен экинчи орунду ээледи. Ошондой эле Мырзайым Термеевa «Айна» чыгармасы боюнча иши үчүн, Айлина Жеңишбекова пьесалар жыйнагы үчүн
Бул жетишкендик Кыргызстан-Түркия Манас университетинин Сахна искусствосу бөлүмү студенттердин сахналык даярдыгы менен катар интеллектуалдык өнүгүүсүнө, аналитикалык ой жүгүртүүсүнө жана көп тараптуу чыгармачылыгына өзгөчө көңүл бурарын айгинелейт.






