2026-04-24

Сахна искусствосу студенттеринен сыйлык алган ийгиликтүү көрсөтүү


 

Сахна искусствосу бөлүмүнүн студенттери “Күдүк” романынын таанытуу иш-чарасында көрсөткөн өнөрлөрү менен чоң кызыгуу жаратты жана бир катар сыйлыктарга татыктуу болушту.

2026-жылдын 3-апрелинде Көркөм өнөр факультетинин Сахна искусствосу бөлүмү Чүй облустук Шаршен Темирчеков атындагы драма жана сатира театрында жазуучу Гаарба Орозматовдун “Күдүк” романынын таанытуусу алкагында уюштурулган маданий иш-чарага катышты.

Сахна искусствосу бөлүмүнүн окутуучусу, улук окутуучу Таалайгүл Ташманбетованын жетекчилиги алдында Сахна искусствосу бөлүмүнүн студенттеринен түзүлгөн “Жан-Дүйнө” поэзия клубу тарабынан даярдалган поэтикалык композиция жана театралдык көрсөтүү көрүүчүлөргө сунушталды. Көрсөтүлгөн спектакль чыгарманы терең мазмуну менен сахна тили аркылуу көрүүчүлөргө жеткире алды.

Иш-чаранын жыйынтыгында студенттер өз өнөрлөрү менен жогору бааланып, бир катар сыйлыктарга ээ болушту. “Жан-Дүйнө” тобу чыгармачыл мамилеси жана сахнадагы ийгиликтүү аткаруусу үчүн Тактама (ыраазычылык) грамотасы менен сыйланса, романдын ийгиликтүү сахналаштырылышы үчүн ALAKA эл аралык коомдук фонду тарабынан Ардак грамотасы менен сыйланды.

Бул жетишкендик студенттердин чыгармачылык потенциалын жана окутуучулардын кесиптик чеберчилигин көрсөтүү менен катар, маданий кызматташуунун өнүгүшүнө жана улуттук көркөм мурастын заманбап форматта жайылтылышына салым кошорун дагы бир жолу далилдеди.