Балдарды коргоонун эл аралык күнүнө карата Көркөм өнөр факультетинин Театралдык искусство бөлүмү тарабынан Сокулук реабилитациялык борборундагы мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарга жана Маловодное айылындагы өзгөчө муктаждыгы бар балдарга арналган социалдык иш-чара уюштурулду.
2026-жылдын 9-июнунда өткөрүлгөн иш-чарага Театралдык искусство бөлүмүнүн окутуучусу Гүлмира Тыналиева, факультеттин кызматкери Айбек Сабырмамат уулу жана бөлүмдүн студенттери катышты. Иш-чаранын алкагында балдарга таттуулар, мөмө-жемиштер жана ширелер тартууланды.
Студенттер тарабынан даярдалган театралдаштырылган көрсөтүүлөр жана интерактивдүү оюндар балдарга кубанычтуу жана унутулгус көз ирмемдерди тартуулады. Чоң кызыгуу жараткан иш-чаранын жүрүшүндө балдар көңүлдүү убакыт өткөрүшсө, студенттер социалдык жоопкерчилик алкагында маанилүү тажрыйба топтошту.
Жылуу жана достук маанайда өткөн иш-чара борбордун тарбиялануучулары жана кызматкерлери тарабынан жогору бааланды. Иш-чаранын соңунда борбордун жетекчилиги аны уюштурууга катышкан студенттерге жана окутуучуларга ыраазычылык билдирди.
Иш-чаранын ийгиликтүү өтүшүнө кошкон салымы үчүн Көркөм өнөр факультетинин үч кызматкерине ыраазычылык каттары тапшырылды.




.jpeg)

.jpeg)