Кыргызстан-Түркия Манас университетинин Көркөм өнөр факультети тарабынан 2026-жылдын 14–15-июлунда өткөрүлүп жаткан атайын чыгармачылык сынактар талапкерлердин жогорку катышуусу менен уланууда. Графика бөлүмүнө – 336, Сахна өнөрү бөлүмүнө – 174, Сүрөт бөлүмүнө – 114 жана Музыка бөлүмүнө – 106 болуп, жалпысынан 730 талапкер 2026–2027-окуу жылында Манас үй-бүлөсүнүн мүчөсү болуу үчүн өз таланттарын көрсөтүүдө.
Сүрөт, Графика, Музыка жана Сахна өнөрү бөлүмдөрүнө студенттерди кабыл алуу алкагында өткөрүлүп жаткан сынактарда талапкерлер өз тармактарына тиешелүү практикалык тапшырмалар аркылуу билимдерин, жөндөмдөрүн, чыгармачылык мүмкүнчүлүктөрүн жана көркөм даярдыгын көрсөтүштү. Тармак боюнча адистешкен окутуучулардан түзүлгөн калыстар тобу талапкерлердин техникалык даярдыгын, эстетикалык көз карашын жана көркөм өзүн-өзү билдирүү жөндөмүн объективдүү критерийлердин негизинде баалашты.
Атайын чыгармачылык сынактар өтүп жаткан Көркөм өнөр факультетине келген ректор, профессор, доктор Алпаслан Жейлан сынак өткөрүлүп жаткан жайларды кыдырып, факультеттин деканы профессор, доктор Мехмет Өзкаржы жана сынак комиссиясынын мүчөлөрүнөн сынактын жүрүшү тууралуу маалымат алды. Ошондой эле талапкерлер жана алардын ата-энелери менен жолугушуп, талапкерлер менен баарлашып, аларга ийгилик каалады.
Зыярат учурунда сынакты уюштурууга катышкан академиялык жана административдик кызматкерлерге ак ниет эмгеги үчүн ыраазычылык билдирген профессор, доктор Алпаслан Жейлан атайын чыгармачылык сынактарынын ачык-айкын, объективдүү жана кылдат өткөрүлүшүнүн маанилүүлүгүн белгиледи.
Көркөм өнөр факультетинин атайын чыгармачылык сынактарынын жыйынтыгы 2026-жылдын 15-июлунда жарыяланат. Ийгиликтүү өткөн талапкерлер каттоо иштерин аяктагандан кийин 2026–2027-окуу жылында Кыргызстан-Түркия Манас университетинин Көркөм өнөр факультетинде билим алуу укугуна ээ болушат.








