2026-10-23

Графика бөлүмүндө «Жасалма интеллект дизайнердин ордун баса албайт» аттуу семинар өткөрүлдү


Кыргыз-Түрк «Манас» университетинин Көркөм өнөр факультетинин Графика бөлүмү тарабынан дизайнер Оскар Усеналиевдин катышуусунда «Жасалма интеллект дизайнердин ордун баса албайт» аттуу семинар өткөрүлдү.

2026-жылдын 19-октябрында саат 10:00дө GZKM-103 аудиториясында өткөн семинарга окутуучулар жана студенттер катышты.

Семинардын жүрүшүндө Оскар Усеналиев дизайн тармагындагы жасалма интеллекттин ролуна байланыштуу кесиптик тажрыйбасы жана көз караштары менен бөлүштү. Дизайн тармагында жасалма интеллектти колдонуунун учурдагы тенденциялары жана кесиптин келечектеги өнүгүү багыттары талкууланды.

Графика бөлүмү тарабынан уюштурулган иш-чара дизайн тармагындагы актуалдуу өзгөрүүлөрдү талкуулоого жана студенттердин кесиптик көз карашын кеңейтүүгө өбөлгө түздү.