2026-10-26

Көркөм өнөр факультетинин окутуучуларына QS рейтингдери боюнча маалыматтык жолугушуу өткөрүлдү


Кыргыз-Түрк «Манас» университетинин Көркөм өнөр факультетинде Институционалдык маалыматтарды башкаруу боюнча координатору доц. д-р Рита Исмаилованын катышуусунда QS университеттик рейтингдери боюнча маалыматтык жолугушуу өткөрүлдү.

2026-жылдын 22-октябрында уюштурулган жолугушууда факультеттин окутуучуларына QS рейтинг системасы жана университеттердин эл аралык рейтингдердеги ордуна таасир этүүчү баалоо процесстери тууралуу маалымат берилди.

Жолугушуунун жүрүшүндө институционалдык маалыматтардын маанисин жана университеттин эл аралык деңгээлдеги көрүнүктүүлүгүн жогорулатууга багытталган иштерди талкуулоо максат кылынды. Маалыматтык жолугушуу окутуучулардын QS рейтингдерин түзүү процесстери тууралуу маалымдуулугун жогорулатууга өбөлгө түздү.