Кыргыз-Түрк «Манас» университетинин Көркөм өнөр факультетинин Сүрөт бөлүмүндө сүрөтчү Нурланбек Бейшеевдин катышуусунда май боёк менен портрет тартуу боюнча мастер-класс өткөрүлдү.
2026-жылдын 23-октябрында Проф. Др. Мехмет Башбуğ атындагы сүрөт тартуу устаканасында өткөн иш-чаранын жүрүшүндө катышуучулар портрет тартуунун сырлары менен таанышып, май боёк техникасы боюнча чыгармачылык тажрыйба топтоо мүмкүнчүлүгүнө ээ болушту.
Көркөм өнөр жаатындагы билим жана тажрыйба алмашууга өбөлгө түзгөн мастер-класс студенттердин сүрөт тартуу боюнча жөндөмдөрүн өнүктүрүүгө жана ар түрдүү көркөм ыкмалар менен таанышууга шарт түздү.
