2026-04-30
Эл аралык «Заманды ашкан мурас: Жибек жолу» иш-чарасынын алкагында 2026-жылдын 21-апрелинде Курманжан Датка көркөм сүрөт галереясында workshop программасы өткөрүлдү. Иш-чарада катышуучулар салттуу искусствонун ар түрдүү багыттарын жакындан таанып, практикалык түрдө өздөштүрүүгө мүмкүнчүлүк алышты.
Workshop программасынын алкагында жез кесүү, жыгач оюу жана хат өнөрү боюнча мастер-класстар уюштурулду. Өз тармагындагы адис устаттардын жетекчилиги астында өткөн практикалык иш-чаралар студенттер жана искусство сүйүүчүлөр тарабынан чоң кызыгуу менен кабыл алынды.
КТМҮнүн ректору Алпаслан Жейлан да иш-чара аянтын зыярат кылып, workshop иштерин жеринде көрүп чыкты. Катышуучулар менен жолуккан ректор Жейлан, аткарылып жаткан иштер тууралуу маалымат алгандан кийин көргөзмөнүн коноктор китебине кол тамгасын калтырды.
Ар түрдүү маданияттардын жалпы мурасын чагылдырган workshop программасы салттуу искусствону жайылтууга салым кошуу менен катар катышуучуларга маданий жана чыгармачылык жактан бай тажрыйба тартуулады.
Иш-чара искусство жана маданият аркылуу эл аралык кызматташтыкты чыңдоону жана жалпы баалуулуктарды келечек муундарга жеткирүүнү максат кылат.



