2025-12-16
2025-жылдын 12-декабрында Кыргыз-Түрк «Манас» университетинде (КТМУ) Түрк дүйнөсүнүн жалпы баалуулугу болгон улуу жазуучу Чыңгыз Айтматовдун туулган күнүнүн 97 жылдыгы окуу жайыбыздын кеңири программада белгиленген эскерүү иш-чарасында көркөм өнөр факультетинин театралдык искусство бөлүмү тарабынан даярдалган «Айтматовдун дүйнөсү: сахналык көрсөтүү» аттуу программа көрүүчүлөргө тартууланды.
Программада театралдык искусство бөлүмүнүн башчысы,
ага-окутууучу Гүлмира Тыналиева жана 3-курунун студенттери тарабынан даярдалган Чыңгыз Айтматовдун чыгармалары « Атадан калган туяк», «Бетме-бет», «Эрте келген турналар» жана «Эне-Топурак» «Дениз бойлой жорткон Ала-Добот» чыгармаларынан тандалган үзүндүлөрдү жогорку чеберчиликте көркөм окуп беришти.
Көркөм окууларды иш-чарага келген коноктор чоң кызыгуу менен кабыл алышты. Ошондой эле эскерүү кеченин алкагында театралдык искусство бөлүмүнүн ага окутуучусу Сонколбек Алмазбеков «Аселим» чыгармасын обон салды жана Чыңгыз Айтматовдун калемине таандык «Ысык-Көлдү сагынуу» аттуу ыры студенттер тарабынан жандуу аткарылды
Иш-чаранын соңунда жазуучу Асан Ахматов 3-курсунун студентти Айдар Сүйүндүковго талантына өзгөчө маани берип, Айтматовдун фондунан атайын китеп белек кылып шыктандырды

