18-ноябрь күнү саат 16:00дө Кесиптик колледжде окутуучу Насикат Алиева жана кызматкер Надежда Нагорная тарабынан студенттер жана кызматкерлер үчүн кийиз колдонулган арт-терапия сабагы уюштурулду.
Иш-чаранын максаты — катышуучулардын чыгармачылык жөндөмдөрүн өнүктүрүү, эмоционалдык абалын жакшыртуу жана стрессти жоюу. Сабактын жүрүшүндө катышуучулар кийиз менен иштөөнүн негизги ыкмалары менен таанышып, практикалык тапшырмаларды аткарышты.
Арт-терапия тынч жана жумшак атмосферада өтүп, катышуучуларга психологиялык жактан жеңилдөө жана позитивдүү маанай тартуулады. Колледж мындан ары да студенттердин жана кызматкерлердин жыргалчылыгын колдоого багытталган иш-чараларды уланта бермекчи.

.jpeg)
.jpeg)
.jpeg)
