2026-04-10

КТМУ Кесиптик колледжинин коомдук иш-чарасы


КТМУ Жогорку кесиптик колледжинин коомдук жоопкерчилик иш-чараларынын алкагында 2026-жылдын 10-апрелинде Бишкек шаарындагы №185 бала бакчага атайын иш-сапар уюштурулду.

Иш-чарага колледждин окутуучулары Мурат Авжы жана Гүлзаада Абдралиева жетекчилик кылып, мектепке чейинки билим берүү программасынын студенттери активдүү катышышты.

Иш-чаранын жүрүшүндө бала бакчанын тарбиялануучуларына кийизден жасалган көрсөтмө куралдар, Кыргызстандын картасы жана ар түрдүү белектер тапшырылды. Ошондой эле студенттер тарабынан балдар үчүн гүл жасоо, пластилинден буюм даярдоо боюнча мастер-класстар өткөрүлдү.

Мындан тышкары, балдардын ой жүгүртүүсүн жана кыймыл координациясын өнүктүрүүгө багытталган нейрогимнастикалык көнүгүүлөр жасатылды.

Иш-чаранын жыйынтыгында балдардын кызыгуусу жана кубанычы студенттер менен окутуучуларга чоң дем берип, коомго пайдалуу иш алып баруунун маанисин дагы бир жолу далилдеди.