“Компьютердик системаларда программалоо” программасынын студенттери 22.05.2026 күнү MYOB-104 номерлүү залда, өздөрү даярдаган «Камтылган системаларды программалоо» долбоорлорун көргөзмөгө коюшту. Келүүчүлөр көргөзмөгө коюлган долбоорлорго чоң кызыгуу көрсөтүштү. Алар долбоорлордун кантип иштээрин көрүп, долбоордук топтордон долбоорлор тууралуу маалымат алышты.



