Декандан сөз

Урматтуу коноктор,

Бүгүн дүйнөдө тил, адабият, тарых, археология, социология, антропология, философия, психология жана логика сыяктуу гуманитардык илимдерди камтыган уюмдардын башында гуманитардык факультеттердин турары анык. Ушундан улам гуманитардык факультеттерде улуттардын жана элдердин маданий, цивилизациялык баалуулуктары, бул баалуулуктардын таасирлери терең изилденип, студенттерге окутулат. Бул жагдай гуманитардык факультеттердин улуттардын турмушунда, улуттук аң-сезимдин өсүшүндө, эркин ойлуу жаштардын тарбияланышында жана маданий баалуулуктардын терең изилденишинде маанилүү роль ойногонун көрсөтөт. Мына ушул себептерден улам Кыргызстандагы түрк цивилизациясынын бешиги болгон Кыргыз-Түрк “Манас” университети түптөлгөндө, алгач ачылган факультеттердин бири гуманитардык факультет болгон. Факультетибизде адегенде түркология жана тарых бөлүмдөрү болуп, биринчи бүтүрүүчүлөрүн 2001-2002-окуу жылында чыгарган. Бул бөлүмдөрдөн кийин педагогика илимдери, андан кийин социология, философия, чыгыш тилдери жана батыш тилдери бөлүмдөрү ачылган. Ошентип, азыркы учурда факультетибизде 7 бөлүм бар.
Факультетибизде кыргызстандык жана түркиялык студенттерге гана эмес, орток маданий жана цивилизациялык баалуулуктарга ээ башка түрк тилдүү элдер менен кошуна өлкөлөрдөн келген жаштарга да гуманитардык илимдер окутулуп жатат. Бул бөлүмдөрдү бүтүргөн жаштарыбыздын бир бөлүгү түрк тили, тарыхы жана адабиятынын түрдүү маселелери менен баалуулуктары боюнча магистрдик, доктордук иштерин жакташып, башында Кыргызстан, Түркия, Россия турган бир топ өлкөдө келечектин окумуштуулары катары орундарын табышты. Бүтүрүүчүлөрүбүздүн бир бөлүгү орто мектептерде мугалим, китепкана жана музейларде адис катары эмгек жолун башташты. Факультетибиздин тандалма окутуучулук-профессордук курамы тарабынан берилген сабактардан терең билим алуу менен студенттерибиздин университетибиздин бүтүрүүчүсү болгонуна сыймыктанышарына, түрк жана дүйнө маданияттарынын баалуулуктарын терең өздөштүрө тургандыктарына, дагы да эркин ой жүгүртө алышарына жана түрк дүйнөсүнө дагы да чоң кызмат өтөшөрүнө терең ишенебиз.
Факультетибиздин ушул таптагы окутуучулук-профессордук курамы Кыргызстан менен Түркиянын мыкты окутуучу-окумуштууларынан куралган. Факультетибизде эмгектенген кымбаттуу окутуучу-окумуштууларыбыздын буга чейин аткарган жана аткара турган илимий изилдөөлөрү, долбоорлору менен илим дүйнөсүнө көптөгөн жаңылыктарды киргизерине жана түрк цивилизациясынын дүйнө цивилизацияларынын ичиндеги ордун аныктоого чоң жардамы тиерине терең ишенебиз. Алгач курулган күндөн баштап факультетибизде түрк маданияты, цивилизациясы жана түрк дүйнөсүнүн ар түрдүү маселелерине байланыштуу республикалык жана эл аралык деңгээлдеги 170ке жакын конгресс, конференция, панел жана семинар сыяктуу илимий иш-чаралардын аткарылышы, бул иш-чаралардын көбүндө уюштуруучу катары окутуучу-окумуштууларыбыздын кызмат өтөшү кыска убакыт ичинде факультетибиздин жеткен илимий деңгээлин көрсөтүп турат. Бирок биз булар менен чектелип калбастан, үзгүлтүксүз иштеп, гуманитардык илимдерде дүйнөнүн эң мыкты факультеттеринин бири болушубуз керек. Бул максатка бардык кесиптештерибиздин салымы менен университетибиздин миссиясына ылайык жетерибизге ишенебиз.
Мына ушундай сезим жана ойлор менен факультетибиздин курулушунан баштап ушул күнгө чейин кызмат өтөп кеткен жана өтөп жаткан кесиптештерибизге жана кызматкерлерибизге, өзгөчө, биздин факультетти тандаган келечегибиздин ишеничи жаштарга терең урматымды билдирем.

PhD. Профессор Алпаслан АШЫК

Декан