2025-04-28
2025-жылдын 24-апрелинде КТМУ, гуманитардык факультетинин тарых бѳлүмү тарабынан “Жаш тарыхчылар илим жолунда” аталышындагы студенттик конференция болуп өттү. Конференциянын ачылыш отурумунда докторант Фатма Сапмаз жана магистрант Курманбек Хайдаров өздөрүнүн изилдөөлөрү менен бөлүштү. Андан кийинки отурумдарда бөлүмдүн бакалаврында 1-2 жана 3-4 курстарда окуган студенттер Лилия Талантбекова, Айпери Исакова, Мээрим Жайлообек кызы, Мырзагул Кутманалы кызы, Айганыш Тажидинова, Нурсултан Эсболов, Арууке Эргешова, Нурия Тенти кызы, Бектурсун Асанакунов, Элмара Муртазаева, Айпери Мадимар кызы, Эсен Жакшылыков кызыктуу баяндамаларды жасашты. Конференция студенттердин изилдеп жаткан темаларына байланыштуу суроо жооптор менен коштолду. Конференциянын аягында катышуучуларга сертификаттар ыйгарылды.