2026-10-30


Проф. доктор Ибрахим Этем Атнур тарых бөлүмүнүн студенттерине семинар өткөрдү


2026-жылдын 27-октябрында Түркия Республикасынын Улуттук коргонуу университетинин Аскердик академиясынын тарых бөлүмүнүн профессору, проф. доктор Ибрахим Этем Атнур Кыргыз-Түрк «Манас» университетинин (КТМУ) Тарых бөлүмүнө иш сапары менен келди.

Түркиянын жакынкы тарыхы, Кавказ жана Чыгыш Анатолиянын тарыхы боюнча изилдөөлөрдү жүргүзгөн проф. доктор Ибрахим Этем Атнур сапарынын алкагында Тарых бөлүмүнүн студенттерине Түрк дүйнөсүнүн тарыхы боюнча семинар өткөрдү.

Семинарда Түрк дүйнөсүнүн тарыхый өнүгүүсү, ар түрдүү аймактардагы түрк элдеринин ортосундагы тарыхый байланыштар жана жалпы тарыхый мурастын мааниси талкууланды. Студенттердин чоң кызыгуусун жараткан семинардын соңунда суроо-жооп уюштурулуп, студенттер өздөрүн кызыктырган суроолорун проф. доктор Атнурга берип, пикир алмашышты.

Иш-чара өз ара пикир жана баалоолор менен жыйынтыкталды. Өткөрүлгөн семинар студенттердин Түрк дүйнөсүнүн тарыхы боюнча билимдерин тереңдетүүгө жана тарыхый көз караштарын кеңейтүүгө салым кошту.