2025-жылыдын 10-апрель күнү факультетибизде Ташкент экономика жана педагогика университетинин окумуштуусу п. и. д., профессор Шайыра Абдукалилова “Жадитчи, жазуучу Абдурауф Фитрат жана педагогикалык ыкма” аттуу илимий семинар өткөрдү. Семинарда реформачыл, жаңычыл көз караштары менен таанымал өзбек жазуучусу Абдуауф Фитраттын адабият, искусство жана билим берүү багыттары ар тараптан талкууланып, айрыкча анын «Үй-бүлө педагогикасы» аттуу эмгегиндеги ой-пикирлери тууралуу баяндама жасады. Абдурауф Фитраттын 1909-жылы Стамбулда билим алып жүрүп Ахмет Митхат Эфенди сыяктуу белгилүү интеллигенция өкүлдөрү жана жазуучулар таанышып, түрк тарыхы жана адабияты боюнча билим алганы баяндалып, ал 1914-жылы өз мекени Бухарага кайтып, өзбек коомунун маданиятынын жана билиминин өнүгүшүнө терең салым кошкону айтылды.
Семинар суроо-жооп жана сүрөткө түшүү менен аяктады.