2026-10-30

Жеке сунуш берүү системасы


Университетибизде сапатты камсыздоо маданиятын жайылтуу, институционалдык өнүгүүнү колдоо жана үзгүлтүксүз өркүндөтүү концепциясын бекемдөө максатында Жеке сунуш берүү системасы ишке киргизилди. Бул система профессордук-окутуучулар курамына, административдик кызматкерлерге жана студенттерге өз пикирлерин, сунуштарын же жакшыртуу боюнча кайрылууларын оңой билдирүүгө мүмкүндүк берет. Пикир, сунуш жана кайрылууларыңызды kalite.bos@manas.edu.kg  электрондук почтасы же http://kalite-bos.manas.edu.kg  веб-сайты аркылуу жибере аласыз.