Гуманитардык факультеттин деканаты 2026-жылдын 27-октябрында Филология бөлүмүнүн студенттери менен жолугушту. Салттуу болуп калган студенттер менен деканаттын бул жолугушуусу абдан достук жана жылуу маанайда өттү.
Иш-чаранын алкагында студенттер өздөрүн кызыктырган суроолорду жана академиялык процесстерге тиешелүү маселелерди жетекчиликке түздөн-түз берүү мүмкүнчүлүгүнө ээ болушту. Өзгөчө кесиптик келечегине көңүл бурган студенттер келечекте ийгиликтүү мугалим болуу үчүн бакалавриатта жана андан кийин эмне кылуу керектиги боюнча декандын пикирин угуп, баалуу кеңештерди алышты.
Студенттердин жигердүү катышуусуна ыраазычылык билдирген Гуманитардык факультеттин деканы, профессор, доктор Алпаслан Ашык айтылган бардык сунуштар кылдат караларын баса белгиледи. Ошондой эле ал жолугушууда көтөрүлгөн талаптарды жана көйгөйлөрдү эң кыска мөөнөттө чечүү үчүн зарыл болгон иштер дароо башталаарын убада кылды.
.jpeg)
.jpeg)