2025-04-28
2025-жылдын 24-апрелинде Гуманитардык факультеттин филология бөлүмүнүн орус тили жана адабияты программасында салтка айланган “Güle güle!” (“Кош бол, төртүнчү курс!”) иш-чарасы өттү. Бул майрам студенттер менен окутуучуларды чогултуп, бүтүрүүчүлөрдү жаңы жашоо баскычына узатууга арналды. Кенже курстардын студенттери шаңдуу бийлерди, жүрөктөн чыккан ырларды жана кызыктуу сынактарды камтыган жаркыраган программа даярдашты. Иш-чарада кубаныч, жеңил муң жана чын дилден айтылган ыраазычылык сөздөр өкүм сүрдү. Окутуучулар менен студенттер бүтүрүүчүлөргө акыркы экзамендерди ийгиликтүү тапшырып, дипломдук иштерин коргоодо жана кесиптик жолунда илхам тапканын каалашты.
Жылы каалоолор жана чын жүрөктөн чыккан сезимдер бул кечени унутулгус кылды!